Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
«Бул эмне тешик?» Кара-Кулжада Жогорку соттун төрагасынын сынынан кийин сырттагы ажаткана алмаштырылат
29.10.2025 | 17:10
Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кара-Кулжа райондук сотунун коноктору үчүн курулган сырттагы ажаткананы бузуп, анын ордуна заманбап санитардык жай курууну тапшырды.
Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Сатыев Кара-Кулжа райондук сотунун имаратынын капиталдык оңдолушу менен таанышкан. Аймакты кыдырып жатып, ал сот кызматкерлери үчүн ыңгайлуу даараткана курулуп, ал эми коноктор үчүн полду тешип жасалган кадимки ажаткана орнотулганына нааразы болду.
Эски сот имаратын реконструкциялоого 24 миллион сом сарпталган, эми имаратта мурдагыдай бир залдын ордуна эки сот залы бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом