Базарчыдай ойлоносуңар. Депутат чиновниктин ишин сынга алды

Базарчыдай ойлоносуңар. Депутат чиновниктин ишин сынга алды

Алты миллион элди ун, суумай жана кум шекер менен камсыз кылуу кыйынбы? Мындай суроону бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаевге берди.

Жыйында депутат азык-түлүккө болгон бааларды жөнгө салууга кандай тышкы жана ички факторлор таасир берип жатканына кызыкты.

Өз кезегинде Женалы Орозбаев: “Кум шекер менен өсүмдүк майынын баасынын жогорулашына тышкы фактор катары Россия менен Украинанын ортосундагы окуя себеп болду. Биз өсүмдүк майынын 90 пайызын башка өлкөлөрдөн ташып келебиз. Ошондуктан импортко чоң таасир берди. Анын баары баанын өсүшүнө алып келди. Ал эми ички факторлор катары — бул продукциялар өзүбүздө өндүрүлбөгөндүктөн тартыштыкка алып келип, баалар көтөрүлдү”, — деп жооп берди.

Депутат өз кезегинде бул тышкы факторлордун таасирин төмөндөтүүгө кандай рычагдар бар экенин сурады.

“Кошумча нарк салыгын нөлгө алып келүүгө кошумча чаралар көрүлдү. Баалар ай сайын 20 пайызга көтөрүлүп отуруп, бир жылда көп көтөрүлгөнгө дуушар болуп жатат. Биз экономика министрлиги менен биргеликте бааны түзүү боюнча атайын мыйзамды алып келип жатабыз”, — деди Женалы Орозбаев.

Айжигитов бир айда бааны 20 пайызга көтөрүүгө шарт түзүп берип жатышканын айтып, ага чектөө коюу керектигин белгиледи.

“Эгерде бир жылга бааны 20 %га көтөрүү боюнча чектөө киргизсеңер, бааны көтөргөнгө мүмкүнчүлүк болбой калат. Эгер баа айына 20 пайызга көтөрүлө берсе, бул катастрофага алып келет”, — деди ал.

Депутаттын айтымында, бул багытта Экономика министрлиги, өкмөт жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги такыр иштебей жатат.

“Силер статистика менен гана алектенип жатасыңар. Иштөө стилин алмаштыруу керек. Борборлоштурулган пландоону рыноктук механизмге айкалыштыруу шарт. Силер бул жөнүндө ойлонбойсуңар. Сунуш киргизсек карагыңыр келбейт. Мындан улам силер экономиканы туңгуюкка алып барасыңар. Өнүгүү философиясын алмаштыруу зарыл. Силердин ой жүгүртүүңөр базардагы соодагердикиндей”, — деди депутат.

Жыйында «Күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуу менен байланышкан кырдаал жөнүндө» Жогорку Кеӊештин  2021-жылдын 28-апрелиндеги №4535-VI токтомунун аткарылышы тууралуу» маселе каралды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>