Бул ооруну оңой ойлобогула! Каранавируска чалдыккан тургун элге кайрылды – видео

Бул ооруну оңой ойлобогула! Каранавируска чалдыккан тургун элге кайрылды – видео

Коронавирус жугузуп алып, ооруканада жаткан Ат-Башы районунун тургуну видео аркылуу элге кайрылды. Анын видеосун Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Кубат Оторбаев «Инстагарм» баракчасына жүктөдү. 

“Бул ооруну оңой ойлобогула. Мен дагы ооруну жугузуп алып, алгачкы күндөрү аябай кыйналдым. Башында ооруга көп көңүл бурган эмесмин, бирок башыма келгенден кийин билип олтурам. Эгер ооруканага келбесем кандай болот эле, билбейм.  Коронавирус менен күрөшүп жаткан ак халатчандардын эмгегене ырахмат”, — деген ал.

Белгилей кетсек, Ат-Башы районунда 74 адам коронаирус жуктуруп алган.

5-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 843 адамга жетти. Алардын ичинен 600 бейтап ооруну жеңип чыккан. 11 бейтап кайтыш болсо, учурда 8 бейтап оор абалда жатат.

 

View this post on Instagram

 

#коронавирус Биринчи жолу коронавирус менен күрөшүп жаткан адам бул оорунун коркунучун ачык айтты. Коронавирус жок дегендер укса экен. Ал эми ага каршы катуу курөшүп, күнү-түнү иштеп, өз өмүрүн да тобокелге салып жаткан Ат-Башы аймактык ооруканасынын дарыгерлерине, жалпы эле өлкөдөгү дарыгерлерге таазим! Бар болуңуздар! #коронавирус Первый раз в стране человек с диагнозом открыто говорит, что он болен. Призывает всех нас относиться к недуге серьезно. Хочу выразить благодарность всем врачам, в том числе, врачам Ат-Башинского района, которые не покладая рук день и ночь на службе, поставив под угрозой собственную жизнь и здоровье. Низкий поклон всем Вам! #коронавирус #who #covid_19 #covid #атбашы #спасёммир #врачи #врачиспасаютжизни #жизньпрекрасно #мотивациякаждыйдень #карантин

A post shared by Кубат Оторбаев-секреты СМИ, PR (@kubat_otorbaev) on

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>