Бундеслига: Акжол Махмудов төртүнчү жеңишине жетти

18.11.2024 | 09:00

Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионаты Бундеслигада төртүнчү жеңишине жетишти.

Бул чемпионатта Махмудов Германиянын «Шорндорф» клубунун катарында 80 кг салмакта күрөшүүдө.

Анын командасы 17-ноябрда Red Devils Heilbronn клубу менен кез келип, аларды 27:7 эсебинде жеңди.

Бул таймашта Махмудов германиялык Адам Юрецко менен күч сынашып, каршылашын 10:0 эсеби менен утту.

Акжол Махмудов «Шорндорфтун» катарында күрөшө баштагандан бери Бундеслигада 5 беттеш өткөрдү. Анын төртөөндө жеңишке жетип, бирөөндө жеңилди.

Scroll to Top