«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
БУУ Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзөт
06.08.2025 | 16:41

Бириккен Улуттар Уюму Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, демилге Түркмөнстанда өткөн деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясында Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахманов менен БУУнун башкы катчысынын орун басары Рабаб Фатима жолугушуусунда талкууланган.
Агроинновациялык хабдын максаты — деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү шарттарында аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда туруктуу диалогду жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде технологиялар менен алмашуу жана чогуу изилдөөлөрдү жүргүзүү.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар