Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы Кыргызстанга чакырылды
23.09.2022 | 20:19
22-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) башчысы Владимир Воронков менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушуунун башында министр Ж.Кулубаев БУУнун БКБ башчысы В.Воронковго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, БУУ ТКБ менен өлкөдөгү терроризмге каршы иш-чаралардын долбоордук жана программалык иш-чараларын ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия үчүн жаңыланган Биргелешкен иш-аракеттер планынын кабыл алынганын канааттануу менен белгилешти.
Сүйлөшүүнүн аягында министр Ж.Кулубаев БУУнун ТКБ башчысы В.Воронковду терроризмге каршы кызматташууну кененирээк талкуулоо үчүн Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды, ошондой эле аймакта Башкармалыктын өкүлүнүн болушун камсыздоону улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар