Бооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштады
Бүгүн Акылбек Жапаров Ташкентке иш сапары менен барат
02.05.2024 | 10:04
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 2-3-майында жумуш сапары менен Ташкент шаарына барат.
Ал өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынына жана үчүнчү эл аралык Ташкент инвестициялык форумуна катышат.
Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү жана курулуш объекттеринин башкы пландары менен таанышаары күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом