Олимпиадага жолдомо алуу үчүн үч грек-рим балбаны Түркиядагы мелдешке барат

Олимпиадага жолдомо алуу үчүн үч грек-рим балбаны Түркиядагы мелдешке барат

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 9-12-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. 9-10-майда грек-рим, 10-11-майда кыз-келиндер жана 11-12-майда эркин күрөш боюнча балбандар арасында таймаш болот.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Бул турнирге кыргызстандык грек-рим балбандарынан Азат Салидинов (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Роман Ким (130 кг) катышат. Буга чейин Жусупбеков менен Ким Бишкекте өткөн Азиялык лицензиялык мелдешке катышып, Олимпиаданын жолдомосу үчүн чечүүчү беттеште жеңилүү ызасын тартып калган. Эми алар лицензия алуу үчүн дагы бир ирет багын сынайт. Ал эми Азат Салидинов күрөшө турган 87 кг салмакта Бишкекте болгон турнирге жаш балбан Асан Жанышов катышып, тилекке каршы, чейрек финалда ирандык спортчуга жеңилип калган. Бул ирет жолдомо үчүн ат салышууга Салидиновго мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналат. Бул мелдештен кийин Олимп оюндарына бара турган бардык балбандардын аттары белгилүү болот.

Грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг жана Амантур Исмаилов 67 кг салмакта Олимпиадага жолдомо уткан.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Олимпиада: Эркин күрөш боюнча 4 балбан лицензиялык мелдешке катышат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>