Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Бүгүн Бишкекке жылуулук бериле баштайт
26.10.2022 | 09:10
Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт.
Мэриянын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалына, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, ведомстволук отканалардын жетекчилерине жылуулук жабдууларын, жылуулук тармактарын ишке киргизүүнү жана жылуулукка кошууну камсыз кылуу тапшырылды.
Жылуулук алгач:
– ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;
– объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгынын актысы бар турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине жылуулук берилет.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар