Энергетикалык суусундуктарга тыюу салуучу мыйзам даярдалды

Энергетикалык суусундуктарга тыюу салуучу мыйзам даярдалды

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, 25-октябрдан тарта коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоору депутат Улан Бакасов тарабынан иштелип чыккан.

Анын максаты – жарандардын ден соолугун коргоо, энергетикалык суусундуктарды ичүүнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды азайтуу.

Аталган мыйзам долбоору менен бирге «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору даярдалган. Анда Кыргызстанда сатууга уруксат берилген алкоголдук жана алкоголдук эмес ичимдиктердин катарынан энергетикалык суусундуктарды чыгарып салуу каралган.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салынып, аны мыйзамсыз саткан адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Аны сатуудан түшкөн киреше мамлекеттин эсебине алынып, мыйзамсыз сатылып жаткан продукция жок кылынат.

Энергетикалык суусундуктардын тизмеси жана аларды жок кылуу тартиби министрлер кабинети тарабынан белгиленет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>