Бишкектеги №47 абактын ордуна эмне курулары айтылды

Бишкектеги №47 абактын ордуна эмне курулары айтылды

Бишкек шаарындагы №47 абак көчүрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 25-октябрындагы жыйынында маалымдалды.

Жыйында депутат Русланбек Жакышов №47 абакты бузуу иштери жана анын ордуна эмне курулары боюнча маселелерди сурады.

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемель Садыков абакты бузуу иштери убактылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөнүн маалымдады.

“Учурда 302 тонна темир алынып, Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу ишканага берилди. Мындан тышкары мекеменин ордуна социалдык турак-жайлар жана мектеп, бала бакчалар куруу мерчемделип жатат”, — деди ал.

Жыйында “Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>