Бүгүн кыргыз-кытай чек арасында жаңы өткөрмө бекет ачылат

Бүгүн кыргыз-кытай чек арасында жаңы өткөрмө бекет ачылат

Бүгүн, 3-сентябрда кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрмө бекетинин ачылышы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, аталган өткөрмө бекетти ачуу маселеси 1996-жылдан бери бүдөмүк болуп келип, бүгүнкү күнү гана ал кыска убакыт ичинде ачылганы турат.

«Бул чыныгы тарыхый окуя, биздин улуу коңшубуз, жакын жана ишенимдүү өнөктөшүбүз – Кытай менен стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн өнүгүшүндөгү маанилүү кадам болуп саналат, бул биздин мамилелерибиздин өнүгүшүндөгү жаңы этапты билдирет.

Биз Кыргызстан Кытай менен кызматташууга ар дайым ачык экендигин ырастайбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, «Бедел» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда кыргыз-кытай чек арасында жайгашат.

Буга чейин кабарлангандай, эки өлкөнүн чек арасында алгач убактылуу пост салынып, 2026-27-жылдарга чейин ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган бекет курулат. Аны курууга 77,8 млн сом кетет деп пландалууда. Аны менен бирге Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» жолу салынары күтүлүүдө. Учурда аталган жолдун техникалык-экономика негиздемеси даярдалууда.

«Бедел» өткөрмө бекети ачылып калса, ал кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү өткөрмө жай болуп калат. Учурда Нарында «Торугат» жана Ош облусунда «Эркечтам» бекеттери иштейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>