Бүгүн, 2-май салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү — 30-апрель дем алыш күнгө туш келип, ал эми 1-май майрам күнү болгондуктан декларацияны тапшыруунун мөөнөтү 2-майга чейин узартылган.
Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:
- жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
- илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
- Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз