Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Акылбек Жапаров кантип 900 миң сом тапса болорун үйрөтүп жатабы? Жооп
02.05.2023 | 09:25
Социалдык тармактарда чыгып жаткан “Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кантип 900 миң сом табууну үйрөтүп жатат” деген маалымат жалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, шылуундар “Инстаграмда” Акылбек Жапаровдун атын колдонуп, чындыкка дал келбеген маалымат таратууда.
“Анда, Финансы министрлиги каржы табуу долбоорун жарыялап, 900 миң сомдон киреше тапса болорун, ал үчүн кайсы бир телеграм каналга жазылуу сунушун берип жатышат. Урматтуу интернет колдонуучулар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана алардын жакындарынын атын пайдаланып, оңой киреше табуу сунуштары менен жарыяланган маалыматтар жалган экенин эскертебиз”, – деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом