«Дарак ыры» тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болдуБишкек шаарынын мэри ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынан кийинки чыгымдарды текшерүүнү тапшырдыУлуттук көркөм сүрөт музейинде күзгү мастер-класстар жана лекциялар сериясы башталатМедициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү санариптештирилдиОкуучулардын медициналык маалым каттары санарип форматка өткөрүлдүЖКнын тармактык комитети президенттик шайлоонун датасын өзгөртүүнү жактырды
Бүгүн салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү
02.05.2023 | 09:03
Бүгүн, 2-май салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү – 30-апрель дем алыш күнгө туш келип, ал эми 1-май майрам күнү болгондуктан декларацияны тапшыруунун мөөнөтү 2-майга чейин узартылган.
Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:
- жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
- илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
- Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз