Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Быйыл 11 айда Салык кызматы 270 млрд 236,8 млн сом чогултту
03.12.2024 | 12:17
Быйыл 11 айда Салык кызматы 270 млрд 236,8 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул былтыркы 11 айга караганда 44,5 млрд сомго көп. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Чогултулган акчанын 203 млрд 860,5 млн сому салык жана төлөмдөр, калган 66 млрд 376,3 млн камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.
Акыркы 14 жыл аралыгында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу дээрлик 7,5 эсе өскөн. 2010-жылы 36,3 млрд сом жыйналган. Ал эми 2020-жылы 112,1 млрд сом чогултулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом