Быйыл Кыргызстанда чочконун импорту көбөйдү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.
Статистика комитетинин сайтындагы маалымат боюнча, быйыл 6 айда Орусиядан Кыргызстанга 41 млн 184,8 миң сомго 3 миң 598 баш чочко алынып келинген. Былтыркы 1 жылга караганда быйыл 6 айда чочконун импорту 277,33%га көбөйгөн (30 млн 270,4 миң сомго көп импорттолгон).
Белгилей кетсек, Кыргызстанга сырттан чочко импорттоо 2022-жылы башталган. Статистика комитеттин маалыматына караганда, өткөн жылдары республикага бул жаныбардын импорту болгон эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз