Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Жогорку Кеңеш май айынан тарта ТИМдин имаратына көчүрүлөт
03.04.2025 | 17:47
Жогорку Кеңештин депутаттары убактылуу Тышкы иштер министрлигинин мурдагы имаратына көчүрүлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мындай чечим Ак үйдүн имаратында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу кабыл алынган.
Бүгүн, 2-мартта парламенттин жыйынында Депутат Дастан Бекешев: “Эки ай ошол жакта иштеп, сентябрда оңдолгон залга кайтып келебиз. Жаңыланган залда жаңы электрондук система киргизилет, Face ID дагы болушу ыктымал”, — деп билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат