Токаев араб сөздөрүн салттуу казак сөздөрүнүн ордуна колдонуу сынга алдыБаткенде чек ара жаңжалынан жабыркаган 180 жаранга экинчи турак жайлары берилүүдөБишкекте 12 короо жана «Карагач багы» көрктөндүрүлөт — даректери жана каралган суммаларКыргызстан менен Словения кино тармагында кызматташууну өнүктүрөтАмир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМде мыйзам бузуулар аныкталып, кылмыш иши козголдуДепутат тез жардам унааларын ылдамдыкты ашырганы үчүн айыпка жыкпоону суранды
Кара-Кулжада 12 гектар жер мамлекетке кайтарылды
03.04.2025 | 14:39
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 12 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, райондук прокуратура аталган айыл чарба багытындагы жер тилкеси “У.” дыйкан чарбасынын жеке менчигине мыйзамсыз берилгендигин аныктаган.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, баасы 4 млн 43 миң 368 сомду түзгөн 12 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар