Алия Шагиева ит уруштургандардын кармалышы боюнча үн каттыАрмениядан Кыргызстанга баңгизат жүгүртүүгө айыпталган адам экстрадицияландыСадыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Москвага баратЫсык-Көлдө 231 балыкты мыйзамсыз кармаган үч жаран кармалдыКыргызстанда конфискацияланган дары-дармек өсүмдүктөрүн сатуу сунушталуудаКыргызстандан бал экспорттоо 10 айда 572 тоннага жетти
Тоңдогу 139 батир мамлекетке өткөрүлдү
03.04.2025 | 17:35
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында жайгашкан 139 батир мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматтай айтылгандай, райондук прокуратура аталган айылда жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөр жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныктаган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, жалпы баасы 93,4 млн сомду түзгөн 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылган.
Ал эми, мыйзамсыз чечим чыгарган мурдагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.И. карата тийиштүү соттун өкүмү чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар