Быйыл 7 айда Кыргызстандын ички дүң продукциясы 425 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Былтыркы 7 айга караганда ИДП 7,7%га өскөн. Ал эми «Кумтөрдү» эске албаганда ИДП 393 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,7%га арткан.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш (12,9%га өскөн) жана тейлөө тармагынын (3,5%) аркасы менен болгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда