Таенесине таарынган: Изделип жаткан өспүрүм кыз Ысык-Көлдөн табылды

Таенесине таарынган: Изделип жаткан өспүрүм кыз Ысык-Көлдөн табылды

Сокулукта туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдөгү эс алуу борборунан табылды. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-август күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 2007-жылы туулган К.А. аттуу тургуну таенесине таарынып, үйдѳн чыгып кеткен бойдон келген эмес.

Жакын туугандары кызды издеп, анын телефону аркылуу анын кайсыл жакта экенин аныкташкан. Алар Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып, небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн.

Ал эми, аталган жайдын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине маалымат берип, полктун кызматкерлери кыздын таенеси менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, кыздын сүрѳтүн алышкан.

10-августта саат 00:30дар чамасында полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алтынбек Эралиев жана милициянын старшинасы Исмамадин уулу Мелис үйдѳн чыгып кеткен ѳспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап,  Чолпон-Ата шаарынын жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: издөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>