Талас: Министр милиционерлерге качан үй берилерин айтты

Талас: Министр милиционерлерге качан үй берилерин айтты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11-август күнү Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драм театрында өтүп, ага 500гө жакын жергиликтүү тургун катышты. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана президенттин Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы келишти.

Жолугушууда Талас районунун жашоочусу ички иштер министрине көптөн бери мал уурулугунун бети ачылбай жатканын, аны мыйзамдын чегинде карап, көзөмөлдөп берүүсүн өтүндү. Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен ИИМден барган өкүлдөр жогорудагы жарандын кайрылуусун мыйзам чегинде териштирүү үчүн кабыл алды.

Жолугушууда ИИМде иштеген кызматкерлерге качан турак жай берилет деген суроону Талас шаарынын тургуну узатты. Бул суроого Улан Ниязбеков жооп берип, Бишкек шаарында көп кабаттуу турак жай салынып жатканын, күзүндө милиция кызматкерлерине тапшырыла турганын, андан сырткары мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу да үй алса болорун билдирди.

Жергиликтүү тургундар айрым мамлекеттик органдардагы коррупцияны айтышып, текшерип берүүлөрүн суранышты. Андан сырткары, каржы пирамидасына эл көп алданып жатканын айтышып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу керектигин билдиришти.

Прокуратуранын жана милициянын ишиндеги кемчиликтер дагы айтылып, кылмыш иштеринин тергелишинин убактылары созулуп жатканын кошумчалашты.

Талас районунун тургуну айыл өкмөттөрдө тендерлердин өткөрүлүшүнө нааразы болуп, мыйзамсыз иштери көп экенин билдирип, укук коргоо органдары текшерип берүүсүн суранды.

Жолугушуу элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон маселелерди чечүүгө арналды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>