Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Быйыл 7 айда суусундуктардан 1,2 млрд сом акциз салыгы чогултулду
14.08.2024 | 12:20
Быйыл 7 айда алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 201,7 млн сом акциз салыгы чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Кыргызстанда чыгарылган суусундуктардан 566,3 млн сом жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон продукциядан 635,3 млн сом акциз салыгы түшкөн.
2023-жылдын 7 айына караганда быйыл алкоголсуз суусундардан акциз салыгы 775 млн сомго көп чогулган.
Бул өсүш 2024-жылы ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген сууларды, анын ичинде кант же башка даам берүүчү заттар кошулган суусундарды акциздик марка менен милдеттүү маркалоо киргизилгенден кийин болду.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого акциз салыгы салынат.