Быйыл Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны 30%га көбөйдү

Быйыл Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны 30%га көбөйдү

Быйыл жарым жылда микрокредиттик уюмдар тарабынан жарандарга 16 млрд 114,7 млн сом чакан насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Аталган комитеттин маалыматына ылайык, быйыл жарым жылда чакан насыя алгандардын саны 382,8 миң адамды түзгөн. Былтыркы жылга караганда насыя алгандардын саны 30%га өсүп, насыя 17,3%га көп берилген.

Чакан насыялардын көбү Ош (3 млрд 653,8 млн сом, же берилген насыялардын 22,7%ы) жана Жалал-Абад (2 млрд 563,5 млн сом же 15,9%ы)облустарында, Бишкек шаарында (2 млрд 248,6 млн сом же 14%ы) жана Чүй (2 млрд 60,3 млн сом же 12,8%ы), Ысык-Көл облустарында (1 млрд 798,6 млн сом же 11,2%ы) берилген.

Кредиттин 34,9%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,8%ы керектөөчүлүк муктаждыктар үчүн, 10,4%ы соода жана коомдук тамактануу тармагы үчүн алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>