Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда тартыш болот

Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда тартыш болот

Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда бир аз тартышыраак болот. Гидрометтин маалыматы боюнча, бассейндердеги суунун деңгээли нормасынан төмөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жаткан учурда Суу чарба агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.

“Апрель айында так маалымат берилет. Былтыркы жылга салыштырмалуу суу тартыштыгы бир аз жаралышы мүмкүн”, — дейт ал.

Жыйында дыйкандар жеңилдетилген шартта насыя, үрөн менен өз убагында камсыз болору, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл айдоо жерлердин аянты көбөйө турганы айтылды.

Тактап айтканда жалпы себүү аянттар 1 миллион 219 миң гектар болот. Жазгы себүү иштери 745 миң гектар жерде жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>