Быйыл Меккеге зыярат кылганы чет өлкөдөн адамдар бара алышпайт

Быйыл Меккеге зыярат кылганы чет өлкөдөн адамдар бара алышпайт

Меккеге зыяратка быйыл чет өлкөдөн адамдар бара алышпайт. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын Зыярат министрлиги кечээ, 22-июнда жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген.

Ага ылайык, COVID-19  пандемиясына байланыштуу адамдардын коопсуздугу үчүн чет өлкөдөн баруучу зыяратчыларга уруксат берилбейт.  Болгону Сауд Арабиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүктөр гана зыяратка бара алышат.

Ошондой эле маалыматта пандемияга байланыштуу Сауд Арабиясынын аймагында калып калган чет өлкөлүктөргө, баардык коопсуздук шарттары түзүлөрү айтылат. 

Бул жылы зыярат 28-июлдан 2-августка чейин өткөрүлөрү чечилген.

COVID-19  илдетин Сауд Арабия 161 миң адам жуктуруп алса, 1307 адам дарттан каза тапкан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>