Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо өткөрүлбөйт

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо өткөрүлбөйт

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргызстанда коронавирус илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу элдин ден соолугуна коопсуздук жаралбашы үчүн бардык иш чаралар токтотутулган.

«Мекептептерге бүтүрүүчүлөргө пандемия учурунда кандай тартипте аттестат  берүү боюнча буйрук жиберилет. Буйрукта аттестат тапшырууга 3-5тен гана окуучу чакырып берүү же класс жетекчилери ар бир бүтүрүүчүгө өзү жеткирип бериши керек деп жазылат. Анткени массалык түрдө мектепке чакырууга тыюу салынат», — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, быйыл окуу жылы 30-майда аяктайт. Мындан тышкары 9-11-класстардын окуучулары мамлекеттик экзаменди тапшырышпайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>