Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Быйыл мектеп тамак-ашына кошумча акча бөлүнбөйт
14.03.2023 | 17:50
Быйыл мектептердеги тамак-ашка кошумча каражат бөлүнбөйт. Мунун себеби былтыртан бери пенсия, жөлөк пул, айлык акылар көбөйтүлүп, бюджетте кошумча каражат жок. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
Каржы министрлиги келерки жылы мектеп окуучуларынын тамак-ашынын баасын 20 сомго чейин көтөрүүнү көздөөдө. Азыр министрликтин адистери бардык эсептөөлөрдү жүргүзүп жатышат.
“Учурда башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна аймактарга жараша бюджеттен 7 сомдон 10 сомго чейин акча бөлүнүүдө“, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом