Быйыл төрт айда жарандар интернет шылуундарга 5,5 млндон ашык сом алдатышкан

Быйыл төрт айда жарандар интернет шылуундарга 5,5 млндон ашык сом алдатышкан

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында интернет аркылуу шылуундук кылгандардын жоопкерчилигин караган мыйзам долбоору каралып, 1-окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорду депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков жана Бакытбек Марипов демилгелеген.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын банктык жана электрондук каржылык коопсуздугун камсыз кылуу, санариптик финансы чөйрөсүндөгү алдамчылык фактыларын азайтуу максатында иштелип чыккан.

«Акыркы убакта интернет аркылуу банктын атынан жарандарга кайрылып онлайн кредит алып аны башка банк эсептерине которуп кетүү, банк эсебин ижарага берүү жана сатуу, дроппер схемалары менен эл аралык алдамчылардын кыргыз жарандарын эсептери аркылуу акчасын адалдоо учурлары кескин көбөйүп, карапайым калктын жашоосуна чоң зыян келтирүүдө. Долбоордо ушундай кылмыштарга барган адамдардын жоопкерчилигин караган жаңы берене киргизүүнү сунуштап жатабыз. Статистикалык маалыматка ылайык, былтыр 2024-жылы IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 796сынын бети ачылып, калган 862 кылмыштын бети ачылган эмес. Анын кесепетинен жабырлануучулар 1 миллиард сомдон ашык зыянга учураган. Быйылкы жылдын төрт айында мындай кылмыштардын зыяны 5,5 миллион сомдон ашты»,- деп билдирди ал.

Өмүрзаковдун айтымында, мыйзам долбоордо адамдын өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө сунушталууда. Бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>