Кыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайы
Былтыр Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн 3,6 млрд кВт/саат электр энергия импорттоду
26.02.2025 | 15:26
Былтыр Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн 3 млрд 629,7 млн кВт/саат электр энергия импорттоду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөдө 18,3 млрд кВт/саат электр энергия керектелген. Анын ичинен 12,77 миллиардын ГЭСтер, 1,76 миллиардын Жылуулук электр борбору өндүргөн. Калган 3 млрд 629,7 млн кВт/саат коңшу өлкөлөрдөн импорттолгон.
Андан тышкары жеке чакан ГЭСтер 156,2 млн кВт/cаат, күн электр станциялар 0,17 млн кВт/cаат өндүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом