Бюджеттин акчасын мыйзамсыз бергенге шектелген Чынасыл Чыныбаев кызматынан бошотулду

Бюджеттин акчасын мыйзамсыз бергенге шектелген Чынасыл Чыныбаев кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын Ленин районун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун буйругуна ылайык, Ленин административдик районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулду. Анын ордуна Мелис Өскөмбаев дайындалды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта УКМК Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаевди кармаган.

Ал бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>