Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Соцфонд: Көтөрүлгөн пенсия 10-октябрдан тарта бериле баштайт
01.10.2025 | 11:09

Быйыл 10-октябрдан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 10%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга байланыштуу эң төмөнкү пенсиялар кеминде бир 600 сомго көтөрүлөт, ал эми эң жогорку пенсиялар 5000 миң сомдон ашык көтөрүлбөйт.
Гүлнура Жуматаева учурда бардык эсептөөлөр бүткөнүн, Социалдык фонд 10-октябрдан тарта пенсияларды бере баштаарын билдирди.
Белгилей кетсек, былтыркы жылы эң аз пенсия 6 миң 900 сом болсо, эми 7 миң 200 сом болот. 1-сентябрга карата өлкө боюнча жалпы пенсия алуучулардын саны 800 13 миңден ашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом