Быйыл Кыргызстан 6 азык-түлүк менен өзүн-өзү толук камсыздай алды

30.10.2025 | 13:15

Быйылкы жылдын 9 айына карата Кыргызстан 9 социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн 6 түрү менен өзүн-өзү камсыздай алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги.

Маалыматка ылайык, өлкө өзүн картошка, сүт, эт, жашылча жемиштер, жумуртка жана кумшекер менен толук камсыздоодо. Ал эми нан азыктары (дан азыктары), өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштердин айрым бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалууда.

Министрлик Кыргызстан 2024-жылдан тартып кумшекер менен өзүн-өзү камсыздай баштаганын, буга чейин ал дагы импорттун эсебинен камсыздалып келгенин билдирди.

“Ал эми эт боюнча өлкө өзүн уй эти, кой эти менен 100% ашыгыраак камсыздайт. Тоок эти боюнча толук кандуу камсыздоо иштери жигердүү жүрүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин өкмөт тарабынан Кыргызстандын аймагынан бодо малды жана кой-эчкини экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Ошондой эле эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Бул чаралар эттин негизсиз кымбатташына жол бербөө жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында жасалган.

Ошол эле учурда, өлкө ичинде тоок жумурткасынын өндүрүшү жогорулагандан улам, жумуртканын импортуна тыюу салынган.

Айыл чарба министрлиги азыркы учурда Кыргызстан тоок жумурткасы менен өзүн өзү камсыздагандан сырткары, аны экспортко да чыгарууга жетишкенин билдирди. Мисалы, 2025-жылдын август-январь айларында 3 млн 300 миң даана жумуртка экспортко чыккан.

Scroll to Top