Кыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледиMUHAMET MALO-2026: Кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңдиЧүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулатКыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү3-мартка карата аба ырайыКыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алуу
Быйыл Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10%га өстү
11.08.2025 | 11:23

2025-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 238,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 10%га өскөн. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Маалыматка ылайык, өсүү айрыкча фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана курулуш материалдарын чыгаруу тармактарында болгон.
Жалпы көлөмдүн жарымынан көбүн ээлеген металлдар жана металл буюмдары өнөр жай өндүрүшүнүн лидери болгон. Экинчи орунда тамак-аш өнөр жайы, тактап айтканда, тамак-аш, суусундуктар жана тамеки өндүрүшү турат. Алдыңкы үчтүккө курулуш материалдары, анын ичинде цементти өндүрүү, ошондой эле пластик жана резина буюмдарын өндүрүү кирген.
Рубрики: Экономика