Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Быйыл Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10%га өстү
11.08.2025 | 11:23

2025-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 238,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 10%га өскөн. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Маалыматка ылайык, өсүү айрыкча фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана курулуш материалдарын чыгаруу тармактарында болгон.
Жалпы көлөмдүн жарымынан көбүн ээлеген металлдар жана металл буюмдары өнөр жай өндүрүшүнүн лидери болгон. Экинчи орунда тамак-аш өнөр жайы, тактап айтканда, тамак-аш, суусундуктар жана тамеки өндүрүшү турат. Алдыңкы үчтүккө курулуш материалдары, анын ичинде цементти өндүрүү, ошондой эле пластик жана резина буюмдарын өндүрүү кирген.
Рубрики: Экономика