Жээнбек Кулубаев ЕККУнун башкы катчысы менен аскердик-саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматтыштыкты талкууладыТИМ: Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо системасы ишке кирүүдөӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат25-мартка карата аба ырайыКыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленет
Быйыл Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 3,2%га өстү
16.09.2025 | 10:51

Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-июлунда 8,66 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4%га төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, экспорттук жөнөтүүлөр 13,3%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр 4,8%га төмөндөгөн.
Ал эми 2025-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2,91 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилне салыштырмалуу 3,2%га көбөйгөн. Бул мезгилде өлкөнүн өз ара соодасынын эң көп үлүшү Орусиягы (65,6%) жана Казакстанга (32,2%) туура келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика