27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Алматы – Каракол багытында жаңы аба каттам ачылат
16.09.2025 | 10:30

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Алматы менен Караколдун ортосунда Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба каттамы ачыларын маалымдады.
Каттамды ишке киргизүү боюнча келишимди “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы менен Казакстандын “Казаэронавигация” ишканасы кол койгон. Учуу багыты Эл аралык жарандык авиация уюмунун RNAV-5 спецификациясына ылайык иштелип чыгып, коопсуздук жана натыйжалуулук толук камсыздалган.
Жаңы трасса 1970-жылдары иштеп келген тарыхый аба жолун кайра жандандырат. Каттам “Каркыра-автожол” чек ара бекетинин жанынан өтөт. Ишке киргизүүнүн алдында Beechcraft King Air 360 учагында текшерүү жана учуу валидациясы жүргүзүлүп, эл аралык стандарттарга шайкештиги тастыкталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом