Чүйдө 10 күндө 32 айдоочу мас абалында кармалды

Чүйдө 10 күндө 32 айдоочу мас абалында кармалды

Чүй облусунда 13-22-март аралыгында 4 миң 696 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы катталгандардын ичинен 32 айдоочу мас абалында, 1 миң 254ү катуу ылдамдыкта, 24ү тиешелүү документтери жок унаа башкарган. 84 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Тэги: ЖКККББ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>