Чүйдө тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгынан 2 киши каза болду

Чүйдө тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгынан 2 киши каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-мартта саат 12:15тер чамасында катталган. Тез жардам унаасы Токмоктон Кемин районун көздөй баратып Toyota Estima менен сүзүшүп, андан соң Honda Inspire менен кагылышкан.

Ал эми Toyota Estima соккудан соң Audi менен сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча “Хондада” бара жаткан 37 жаштагы аял менен 3 жаштагы кыз каза болуп, бир киши жаракат алган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>