Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдамчылык иш-аракети менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын февраль айында жаран пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы акча каражатын алдап алып кеткен. Ал 4400 АКШ долларын жана  «Даймлер Крайслер S320»  үлгүсүндөгү автоунааны алдын ала төлөм катары алып, изин жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча 204-берене менен сотко чейинки өндүрүш  жүргүзүлө баштаган.

Кылмыш ишине мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун Токмок шаарынын жашоочусунун тиешеси бардыгы аныкталган. Март айында милиция кызматкерлери мурда төрт жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1980-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармашкан.

Кармалган жаран тергөө органдарына жеткирилип, иликтөө иштери уланып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>