Чүйдөн Нарынга автоунаа уурдай качкан жигит кармалды – сүрөт

Чүйдөн Нарынга автоунаа уурдай качкан жигит кармалды – сүрөт

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы автоунаа уурдоого шектүү адам кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 31-декабрь күнү Аламүдүндө милицияга  К.Г. аттуу адаи арыз менен кайрылып, Лебединовка айылында жайгашкан автоунаа жуучу жайда  автоунаасын уурдап кеткенин айткан.

Бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери башталып, автоунаа Нарын шаарынан табылган. 

Шектүү катары 22 жаштагы К.Р. аттуу жигит кармалган.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, шектүү Лебединовка айылындагы автоунаа жуучу жайга орношуп, жаңы жыл түнү автоунааны уурдап чыгып кеткен. Ал Нарын облусунда автоунааны айдап жүргөн жеринен кармалган.

[su_image_carousel source=»media: 53371,53372,53373″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>