Чагылган түшсө эмне кылуу керек? ӨКМден эскертме

04.07.2023 | 21:07

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чагылгандан сактануунун жолдорун эскертти. Алдын ала берилген аба ырайына, шашылыш билдирүүгө жараша коопсуз жүрүм-турумду камсыздап, эрежени так сактоо керек.

Күн күркүрөп, чагылган түшсө:

– эгерде сиз айылда болсоңуз: терезелерди, эшиктерди, морлорду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз. Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат. Телефон менен сүйлөшпөңүз, электр мамычалардын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;

– чагылган түшкөндө электр зымдарына, антенналарга жакындабаңыз, терезенин жанында турбаңыз, чагылган түшчү белгилер пайда болсо, телевизорду, радиону жана башка электр приборлорун тез арада өчүрүңүз;

– эгерде сиз токойдо болсоңуз, анда токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болуңуз дурус;

– суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз;

– талаада же баш калкалоочу жай жок болсо, бүт денеңизге электр тогун тийгизип, жерге жатпаңыз, ал эми ойдуңда, сайда же башка табигый ойдуңда бутуңарды кучактап чөгөлөп отургула;

– эгер спорт менен машыгып жатканда чагылган башталса, дароо токтотуңуз. Металл буюмдарды, мотоцикл, велосипед, муз кесүүчү буюмдарды четке коюп, алардан 20-30 м алыстыкка жылыңыз;

– автоунаада отурганда күн күркүрөсө, аны таштап кетпеңиз, терезелерди жаап, радиоантеннаны түшүрүңүз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top