Чагылган түшсө эмне кылуу керек? ӨКМден эскертме

Чагылган түшсө эмне кылуу керек? ӨКМден эскертме

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чагылгандан сактануунун жолдорун эскертти. Алдын ала берилген аба ырайына, шашылыш билдирүүгө жараша коопсуз жүрүм-турумду камсыздап, эрежени так сактоо керек.

Күн күркүрөп, чагылган түшсө:

— эгерде сиз айылда болсоңуз: терезелерди, эшиктерди, морлорду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз. Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат. Телефон менен сүйлөшпөңүз, электр мамычалардын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;

— чагылган түшкөндө электр зымдарына, антенналарга жакындабаңыз, терезенин жанында турбаңыз, чагылган түшчү белгилер пайда болсо, телевизорду, радиону жана башка электр приборлорун тез арада өчүрүңүз;

— эгерде сиз токойдо болсоңуз, анда токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болуңуз дурус;

— суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз;

— талаада же баш калкалоочу жай жок болсо, бүт денеңизге электр тогун тийгизип, жерге жатпаңыз, ал эми ойдуңда, сайда же башка табигый ойдуңда бутуңарды кучактап чөгөлөп отургула;

— эгер спорт менен машыгып жатканда чагылган башталса, дароо токтотуңуз. Металл буюмдарды, мотоцикл, велосипед, муз кесүүчү буюмдарды четке коюп, алардан 20-30 м алыстыкка жылыңыз;

— автоунаада отурганда күн күркүрөсө, аны таштап кетпеңиз, терезелерди жаап, радиоантеннаны түшүрүңүз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>