Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Чаткалда кен казуучу ишкананын 3 кызматкери дайынсыз болууда
16.12.2022 | 10:25
Чаткал районунда кен казуучу ишкананын 3 кызматкери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Буура ашуусунда жайгашкан “Вертекс” кен казуучу ишканасынан 1970-жылы туулган С.Т., 1997-жылы туулган Б уулу Д. жана 2000-жылы туулган К уулу К. аттуу эркек кишилер Каныш-Кыя айылына карай жөө жолго чыккан бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине 4 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана 1 жүктөгүч тартылып, саат 01:25те аталган жарандар куткаруучулар тарабынан табылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом