Казакстанда коомдук жайларда беткап кийүү сунушталды 

Казакстанда коомдук жайларда беткап кийүү сунушталды 

Казакстанда акыркы жумада коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 21%га көбөйүп, бир жумада 1283 учур катталды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар маалымдашты.

Ноябрь айынын башынан бери коронавируска чалдыккандардын саны өскөндүгү ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында белгиленди. Бир суткада 235ке чейин коронавирус жана 40ка чейин ковид белгилери менен пневмония аныкталган.

«Бүгүнкү күндө бардык аймактар ​​жашыл зонада. 15 чөлкөмдө R индекси бирден жогору, бул инфекциянын таралышынын көбөйгөнүн көрсөтүп турат. Башкы мамлекеттик санитардык дарыгердин чечимине ылайык, R баллын 1ден жогору каттаганда, коомдук жайларда беткап кийүү сунушталат», — деди саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният.

Вице-премьер-министр Алтай Көлгинов мамлекеттик органдардын жана акимчиликтердин жетекчилерине калкты эмдөө жана ревакцинациялоо боюнча иштерди, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>