Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Чаткалда жергиликтүү кызматкер алтын казуучу ишканадан 5 млн сом пара талап кылган
04.09.2025 | 18:25

Атайын кызмат тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы Б.М.О. кармалды.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал «Алтын Белги» ЖЧКсынын жетекчилигинен 5 млн сом пара опузалап пара талап кылып, болбосо мүлкүн камакка алам жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратам деп коркуткан.
Аталган ишкана Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чоң-Жайык аймагында алтын казуу менен алектенет.
Кызматкер 1-сентябрда 5 млн сомду алган учурда кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар