Эрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштадыIT-компаниялар Кыргызстандан келген студенттерге кызыкдар — «Касперский лабораториясы»Жапаровдун АКШдагы сапары: Кыргызстанда америкалык “Ситибанктын” филиалын ачуу меселеси каралдыКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатБишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүн
Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү октябрда аяктайт
04.09.2025 | 17:50

Чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү ушул жылдын 1-октябрына чейин уланат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Буга байланыштуу министрлик чет өлкөлүк номурлуу унаалардын (анын ичинде Орусиядан алып келинген унаалардын) ээлерине 1-октябрга чейин унааларын мыйзамдаштырууга же болбосо Кыргызстандан чыгарып кетүүгө чакырды.
Министрлик белгилегендей, мөөнөт аяктагандан кийин мыйзамдаштырылбаган унааларды пайдалануу мыйзам бузуу катары каралат.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 8,5 миңден ашуун унаа мыйзамдаштырылган. Алардын ичинде Орусиянын, Армениянын жана башка өлкөлөрдүн номурлары менен жүргөн унаалар бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом