Сокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдөМурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылдыМАР Кыргызстанда бала бакчаларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү үчүн кредит жана грант беретКыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат«Тест татаал түзүлгөн»: ЖК депуттары Москвага барып, мигранттардын балдарына берилүүчү тестти тапшырып көрүштүУлуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча камалды
Чек ара кызматынын жаңы штаб-квартирасынын курулушу башталды
10.10.2025 | 11:50

Чек ара кызматынын заманбап жаңы имараты курула баштады. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев курулушту баштоо маалында капсула салды.
Жаңы 4 кабаттуу имаратта тик учак коно турган аянтча да каралган жана анын курулушу 2027-жылдын ноябрь айында бүткөрүлөрү пландалууда.
Ташиев белгилегендей, мурда Чек ара кызматы окуу жайдын мурдагы жатаканасында иштеп келген. Бул жаңы имарат кызматтын толук кандуу иштешине шарт түзөт.
Буга чейин Чек ара кызматына 250дөн ашык имарат курулган, анын ичинде застава, пост жана бала бакчалар бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом