Чек ара жаңжалында курман болгон Муминовдун үй бүлөсүнө турак үй берилди

Чек ара жаңжалында курман болгон Муминовдун үй бүлөсүнө турак үй берилди

Сентябрь айында Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара жаңжалында курман болгон аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй бүлөсүнө турак үй берилди. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Баткен облустук администрациянын басма сөз катчысы  Чолпон Бердикулова билдирди.

“Үй Лейлек районунун Исфана шаарынан берилди. Баасы канча экенин билбейим, Өкмөт тарабынан турак жай үчүн 2 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары коомчулук жана чек арасылар дагы жардам кылган. Үйдү Муминовдун жубайы өзү тандаптыр. Мамлекет өзүнө жаккан үйдү алып берди», — деди басма сөз катчы.

Белгилей кестек, Равшан Муминовдун артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калган.

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Равшан Муминовдун жубайын кабыл алып, курман болгондон кийин маркумга  берилген «Эрдик» медалын  ага тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>